super.kg logo

Жыл башынан бери "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү 100 миңден ашык бала алды

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү 107 миң 183 бала алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, жалпы республикалык бюджеттен 429 миллион 973 миң сом, анын ичинен 1 миллион 350 миң сом — 27 үч эм балага төлөнгөн.

Маалымат катары:

- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;

- бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт;

- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;

- “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;

- акча каражаты арыз берилген күндөн 2 жумуш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;

- жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

- “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Эскертүү үчүн: Балага сүйүнчү бир жолку төлөмүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан алган арыз бланка зарыл эмес. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл. Себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: