super.kg logo

Израиль Жакынкы Чыгыштагы палестиналыктар калкалоочу БУУнун мектебине сокку урду

 

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү БУУнун палестиналык качкындарга жардам жана иш боюнча агенттигинин (БАПОР) мектебине жасаган кол салуусунда кеминде 22 палестиналык каза болду, алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жебалия качкындар лагеринде жайгашкан жана БАПОР башкарган Эбу Хасан мектеби жер которгон жарандарды баш калкалаган. Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин аба күчтөрүнүн бомбалоосунун натыйжасында көп сандаган адам жарадар болгон. Мектептин аймагындагы чатырлардан өрт чыккан.

Каза болгондордун жансыз денелери жана жаракат алгандар Кемал Адван жана Аль-Авде ооруканаларына жеткирилди. Бирок медициналык кызматтар жардыруу учурунда мектептин жанында болгон адамдарды табууда кыйынчылык жаратууда. Израиль Газа тилкесинин түндүгүн 13 күндөн бери курчоодо кармап, тургундарды Палестина анклавынын башка бөлүктөрүнө көчүп кетүүгө аргасыз кылууда.

Палестиналык булактардын маалыматына караганда, Израильдин Газа тилкесине кол салуусунан 2023-жылдын 7-октябрынан бери 42 миң 438 палестиналык каза болгон. Алардын 17 миңге жакыны балдар жана 11 миң 378ин аялдар түзөт. Ал эми 99 миң 246 адам ар кандай жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: