super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан бардык катышуучуларды “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Акыркы 10 жылдын ичинде “Газпром Кыргызстан” өлкөнү газдаштырууда негизги оюнчуга айланды. Магистралдык газ куурун куруу жана реконструкциялоо сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен газдаштыруу деңгээли 2014-жылдагы 22 пайыздан 2024-жылы 40 пайызга чейин өстү. 1400 чакырымдан ашык көчөдө газ тармактары курулуп, 20 миң жумушчу орун түзүлдү”, - деди ал.

Ошондой эле ал экономикалык өсүш жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда газдаштыруу маанилүү роль ойной тургандыгын айтты. Мындан тышкары Жапаров жаратылыш газын керектөөнүн көлөмү 10 жылдын ичинде 210дөн 500 миллион кубометрге чейин өскөндүгүн кошумчалады.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы газдаштыруу гана эмес, билим берүү, маданият жана искусствону да камтыйт.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров эки өлкөнүн өнөктөштүгү мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирип, энергетика жана социалдык тармакта жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: