super.kg logo

Өзбекстандык белгилүү фуболчу Украинага каршы кылмыштарга шериктеш катары таанылды

 

Футбол боюнча Өзбекстан курама командасынын жана Москванын ЦСКА футболдук клубунун оюнчусу Аббосбек Файзуллаев украиналык Тынчтыкты орнотуучу маалымат базасына киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Буга 14-сентябрда өткөн ЦСКА - "Зенит" командаларынын оюнунун алдындагы окуя себеп болгон. Тагыраагы, анда эки команданын футболчулары талаага Украинада согушка катышкан аскерлердин балдарын жетелеп чыгышкан. Беттешке ошондой эле «Мекенди коргоочулар» фонду тарабынан чакырылган Түндүк аскер округунун 150гө жакын ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү катышкан.

Мындан улам Украинанын Тынчтыкты орнотуучу маалымат базасы муну пропаганда деп атап, 22 футболчуну, анын ичинде Файзуллаев, Клаудиньо, Вендел, Александр Соболев сыяктуу футболчуларды маалымат базасына киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: