super.kg logo

Өлкөдө кышкы ЖРТга каттоо башталды. Анын жол-жобосу

 

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт. Бул туурасында билим берүү министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, абитуриент жогорку окуу жайлардагы бош адистиктердин тизмесин, каттоо боюнча нускаманы, онлайн форманы толтуруу боюнча видеороликти testing.kg сайтынан көрсө болот.

“ЖРТнын негизги тестинин жана мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек. Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизгиден өзүнчө бааланат жана аны каалаган санда тандаса болот. Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт”, - деп айтылат маалыматта.

Негизги тесттин акысы – 470 сом,

Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом,

Ар бир предметтик тесттин акысы – 470 сом.

Белгилей кетсек, абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт. Жана орто билимин тастыктаган аттестаты же диплому бар адамдар гана катышат. Ал эми 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү каттоого катыша албайт.

Министрлик маалымат үчүн билим берүү мекемесиндеги жооптуу кызматкерлерге же Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна кайрылса боло турганын белгилеген. Байланыш үчүн: (0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38. WhatsApp: +996 500664838






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: