super.kg logo

Израиль ХАМАСтын өлтүрүлгөн лидеринин акыркы мүнөттөрүндөгү видеону жарыялады

 

Израилдин Коргоо күчтөрү палестиналык ХАМАС кыймылынын жетекчиси Яхья Синвардын өлтүрүлүшүнө бир нече мүнөт калганда тартылган учкучсуз аппараттын кадрларын жарыялады.

Видеодо дрон Газа тилкесинин түштүгүндөгү кыйраган үйгө кирип баратканын, ал жерде жарадар болгон Синвардын башын кездемеге ороп отургучта отурганын көрүүгө болот. Ал дронду таяк сымал буюм менен чабууга аракет кылат.

Андан көп узабай имаратка израилдик күчтөр кол салган.

Кечээ, 17-октябрь күнү эртең менен Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу деп эсептелген Синвардын жок кылынганын расмий жарыялаган.

ХАМАС бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.






Израиль Яхья Синвардын акыркы мүнөттөрүн жарыялады.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: