super.kg logo

Өмүр бою акысыз сыра... Америкада жаңы төрөлгөн ымыркайга сыранын аты коюлду 

 

Америкада жаңы төрөлгөн балага сыранын аты ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мичиган шаарынын тургуну ооруканага бара жаткан жолдо толгоо тартып, жолго жакын жердеги "One Well Brewing" сыра заводунун унаа токтотуучу жайында көз жарган. Ымыркайдын ата-энеси ишкананын белгилүү сырасынын атын баласына ыйгарууну чечип, наристеге Форрест деген ысым коюшкан.

Ал эми ишкананын ээси жаңы төрөлгөн баланын урматына "Special Delivery" деп аталган жаңы сыраны чыгарууну чечкен. Ошондой эле бала бойго жеткен учурда аны өмүр бою акысыз сыра менен камсыздоо сунушун беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: