super.kg logo
  Саясат  

"Илбирстин секириги" программасы... Акылбек Жапаров 9 айдын жыйынтыгын чыгарган кезектеги жыйынды өткөрдү

 

Өкмөт 9 айга карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйынды өткөрүп жатып, ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,4%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 9,7%ды түзгөндүгүн билдирген.

“Биздин экономиканын өсүү темпи кубандырбай койбойт. Биз “Илбирстин секириги” программасын ишке ашырып, алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Жыйында курулуш, саламаттыкты сактоо, бюджеттик мыйзамдар жана башка тармактар боюнча 20 маселе каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: