super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо партиялардын катары белгилүү болду 

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо бюллетенде саясий партиялардын кезеги аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча бюллетенде партиялар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат:

1. "Адилет"

2. "Жаңы күч - Новая сила"

3. "Ынтымак"

4. "Эмгек партиясы"

5. "Эл Үмүтү"

6. "Социал-демократтар"

7. "Улуу журт"

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталат. Ал эми 16-ноябрда саат 08:00дө аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: