super.kg logo

Балдар бакчасына жетекчи болууну каалаган 88 талапкер тестирлөө босогосунан өттү

 
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкандардын 88и компьютердик тестирлөөдө белгиленген 60 пайыз босогодон өтүштү. Бул туурасында бүгүн, 18-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, катышуучулар Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча бош орундарга өз талапкерлигин көрсөтүшкөн.
"Сынакка катышуу үчүн 326 кишинин документтери катталган. Документтердин экспертизасынын жыйынтыгы боюнча 207 киши тестирлөөгө катышууга уруксат алды. Тестирлөөгө 198 талапкер катышкан", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлик өлкө боюнча жалпы 762 бош орун бар экендигин айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: