super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары таэквондо боюнча Азия мелдештеринде 67 алтын жеңип келди

 

Кыргызстандын таэквон-до ГТФ боюнча курама командасы Өзбекстанда өткөн Азия биринчилигинде жана Азия чемпионатында 67 алтын медаль жеңди. Бул туурасында бүгүн, 18-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, улуттук курама команданын спортчулары Азия биринчилигинде жана Азия чемпиондугунда жалпысынан 126 медаль жеңишти. Алардын 67си алтын, 37си күмүш, 22си коло медаль.

Белгиленгендей, курама команда башкы машыктыруучулар Атай Иманаилев жана Аскар Сыдыкакпаров, машыктыруучулар Бексултан Эрнисов жана Жоомарт Темирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 6-10-октябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 78 спортчу катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: