super.kg logo

Түркияда автобус кырсыгынан 7 адам каза болуп, 33 адам жаракат алды

 

Түркиянын борборундагы Аксарай шаарында туристтерди ташыган автобус тосмону сүзүп, оодарылып кетип, анын кесепетинен 7 адам каза болуп, 33ү жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди.

Экскурсиялык автобус Балыесирден Каппадокиянын атактуу туристтик аймагы жайгашкан Невшехир провинциясына сапар тарткан. Ерликайдын айтымында, автобус жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерден жарыяланган кадрларда автобустун трассада баратканын көрүүгө болот. Бир убакта жолдун жээгине чыгып, оодарылып кеткен.

Унаанын ичинде жалпысынан 41 жүргүнчү, эки айдоочу жана бир гид болгон.

"Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен жети жаран каза болуп, 33 жаран ар кандай жаракаттарды, алардын экөөсү оор жаракаттарды алышкан", - деди ИИМ башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: