super.kg logo

Төө-Ашуу жана Ала-Белге кар көчкүлөрдү тосуучу тосмолор орнотулду 

 

Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашуусуна кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн анын ачылышы болуп, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.

Белгилей кетсек, “Бишкек–Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоору Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен (гранттык) ишке ашырылды.

"Атайын тосмолор жолдун 125-129-чакырымдар аралыгына (Төө-Ашуу) жана 216-222-чакырымдар аралыгына (Ала-Бел) коюлду. Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн долбоордун алкагында Төө-Ашууга жалпы узундугу 2008 метр, ал эми Ала-Белге 3980 метр, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: