super.kg logo

Өзүн Аскер прокуратурасынын бөлүм башчысы катары тааныштырып, адамдарды ири суммада алдаган жаран кармалды

 

Өзүн Аскер прокуратурасынын бөлүм башчысы катары тааныштырып, ири суммадагы акча каражатын өндүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган Акылбек Султанов аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алгандыгын көрсөтүп, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын негизинде ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Аскер прокуратурасы жогорудагы адам тарабынан алданган учурлар болсо, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына кайрылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: