super.kg logo

Орусия менен Украина каза болгондордун сөөгүн алмашышты

 

Украина менен Орусия каза болгон аскерлердин сөөгүн алмашты. Бул тууралуу орусиялык депутат Шамсаил Саралиев РБК агенттигине билдирген.

Маалым болгондой, Орусияга 89 аскер кызматкерлеринин сөөгү, Украинага 501 сөөк жеткирилген.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматтарга комментарий бере элек.

Украинанын согуш туткундарын дарылоо боюнча координациялык штабы алмашуу Эл аралык Кызыл Крест комитетинин колдоосу менен ишке ашырылганын билдирди. Маалыматтарга караганда, 501 каза болгондордун 382си Авдиевка багытында, 56сы Бахмут багытында, 45и Марьинск багытында, калгандары Луганск, Запорожье же такталбаган аймакта өлтүрүлгөн.

Мурда каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмаштырууну тараптар августтун башында жүргүзүшкөн. Анда 38 сөөк Орусияга, 250сү Украинага өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: