Орусияда ири инвестициялык долбоор күйүп жатат
Калининград облусунда курулуп жаткан картошка фри заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Черняховский районунун Загородное айылында курулуп жаткан заводдун ангарында чыкканы такталды. Өрт эки миң чарчы метр аянтка жайылган.
"Жеринде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 44 өрт өчүрүүчүсү жана 15 техникасы иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок экени айтылды. Ангардын айланасы курчоого алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.