super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Катар мамлекетине расмий сапар менен барды

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Катардын коргоо министри жана вице-премьер-министри Халид бин Мухаммед ал-Аттыйя менен жолукту.

Анда Катар мамлекетинин Биргелешкен Атайын Күчтөрүнүн ордосунда расмий кабыл алуу аземи өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда эки тарапты тең кызыктырган жалпы маселелер, ошондой эле кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү жолдору талкууланды.

"Жолугушууга Катардын Эмирге караштуу Байланыш жана ИТ аскеринин колбашчысы Заид бин Ахмед ал-Кувари, Мухаммед бин Абдулла ал-Аттыйя атындагы Аба Күчтөрүнүн коледжинин колбашчысы Салем бин Абдулла Найеф ал-Досари, жана Биргелешкен Атайын Күчтөрдүн колбашчысы Жасим бин Али ал-Аттыйя жана эки тараптан бир катар жогорку даражалуу жетекчилер жана офицерлер катышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: