Владимир Путин Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Орусия эгер жаңжалдашкан тараптар буга кызыкдар болсо, Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаалды жөнгө салууга катышууга даяр. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө-өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда айтты.
"Эгерде жаңжалдашкан тараптар кызыкдар болсо, биз эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын түшүнүү менен чын жүрөктөн жардам берүүгө даярбыз", - деди ал.
1-октябрда Иран Израилди тарыхта экинчи жолу массалык ракеталык аткылоого дуушар кылды жана муну өзүн-өзү коргоо аракети деп атады. Израилдин аскерлери 180дей баллистикалык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.