super.kg logo

Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган кырсык: Милиция 21 жаштагы айдоочуну кармады

 

Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча бир адам шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 17-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Бишкектеги Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хюндай Соната унаасы түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып батыш тарапка келе жаткан Тойота Ярис унаасы менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында такси кызматында иштеп жүргөн Хюндай Соната унаасында бара жаткан 1990-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы жашы жете элек баласы Э.Э. алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, кийин каза болушкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Тойота Ярис унаасынын айдоочусу, 2004-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Азыркы учурда соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган жана жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: