super.kg logo

Бишкектеги үрөй учурган кырсык: Уулу менен чогуу каза болгон жаран Бажы кызматынын капитаны экени айтылды

 

17-октябрда Бишкектеги Масалиев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсыкта Бажы кызматынын капитаны уулу менен кошо каза болгон. Бажы кызматы расмий сайтына некролог жарыялады.

Анда кырсыкта каза болгон 34 жаштагы Алтынай Акбаева экени, ал 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеп келгени айтылды.

"Манас бажысында ар кандай кызматтарды аркалаган. Бажы органдарында иштеген мезгилде Алтынай Акбаева өзүнүн ишин мыкты билген жана чынчыл кызматкер катары көрсөттү жана анын жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, жамааттын урматына ээ болду", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 17-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Бишкектеги Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хюндай Соната унаасы түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып батыш тарапка келе жаткан Тойота Ярис унаасы менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында такси кызматында иштеп жүргөн Хюндай Соната унаасында бара жаткан 1990-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы жашы жете элек баласы Э.Э. алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, кийин каза болушкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Тойота Яристин айдоочусу кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: