super.kg logo

Палестинанын "ХАМАС" кыймылынын лидери эмне себепьтен каза болгону белгилүү болду

 

Палестинанын "ХАМАС" кыймылынын лидери Яхья Синвар башына тийген октон улам каза болгон. ок тийген. Бул тууралуу CNN телеканалына Яхья Синвардын сөөгүн экспертизадан өткөргөн Тель-Авивдеги соттук медицина борборунун башчысы Чен Кугел билдирди.

Анын айтымында, Синвар башка оор жаракаттарды, анын ичинде танктын снарядынан жана ракетадан алган. Бирок анын өлүмүнө башына таамай тийген ок себеп болгон.

Синвардын өлүмү тууралуу күбөлүккө кол койгон Кугел CNN телеканалына "Өлүмдүн себеби башына ок тийген. Анын башынан ок тийип, баш мээси чачыраган", - деген.

17-октябрь күнү эртең менен Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу деп эсептелген Синвардын жок кылынганын расмий жарыялаган.

ХАМАС бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: