super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Москвага расмий иш сапары менен барды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына расмий сапар менен барды.

Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алган.

Аэропортто Кыргызстан менен Орусиянын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.

Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

МинКаб Төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле, расмий сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: