super.kg logo

Жо Байден "ХАМАСтын" лидеринин өлүмү боюнча билдирүү жасады

 

АКШнын президенти Жо Байден Палестинанын "ХАМАС" кыймылынын саясий бюросунун башчысы Яхья Синвардын өлүмүн “адилеттин учуру” деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"ХАМАСтын лидеринин өлүмү адилеттүүлүк учуру. Анын колунда америкалыктар менен израилдиктердин, палестиналыктардын жана башка көптөгөн адамдардын каны бар болчу", - деген ал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен биргелешкен маалымат жыйынында.

Ал ошондой эле Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяхуга бул учур Газада тынчтык орнотууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтканын кошумчалаган.

17-октябрь күнү эртең менен Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу деп эсептелген Синвардын жок кылынганын расмий жарыялаган.

ХАМАС бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: