super.kg logo

"Акча толук автобазага түшпөй жатат". Бишкек мэриясы жол кире боюнча шаардыктарга кайрылуу жасады

 

Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы автобустарды накталай эмес төлөмгө өткөрүү боюнча кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда мэрия шаардыктардын 20 сомдон накталай төлөгөн жол киреси автобазага толук түшпөй жатканын айтты.

"Урматтуу шаардыктар! Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө.

20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат.
Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла.
Бул автобустар бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керек. Ал эми "шаарга тез-тез келип тургандар кандай кылабыз? 40 сомдон төлөйбүзбү?" дегендерге жооп:
Силер да карточка алып, мисалы карточкаңарга 100 сомдон баштап, 1000 сомго чейин салып койгула да келген сайын 17 сомдон төлөй бергиле. Ар бир колдонгон учурда гана 17 сомдон кемип турат. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет.
Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Качан гана автобуска түшсөңөр 17 сомдон кемип турат.
Ошондуктан эч кандай ойлонуштун же көйгөй жаратыштын кереги жок", - деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө бааны кымбаттатууну сунуштаган. Калаа бийлиги бул калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн иштелип чыкканын белгилеген.

9-октябрда мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңеште шаар бийлиги накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрөлү деп жатканын билдирген. 10-октябрда Бишкек мэриясы жол кире көтөрүлөт деген кептерге түшүндүрмө берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: