super.kg logo

Окумуштуулар дүйнөдөгү жакыр адамдардын санын атады

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын жана Британиянын Оксфорддун жакырчылык жана адамдык өнүгүү демилгесинин (OPHI) эксперттери дүйнө жүзү боюнча жакыр адамдардын санын эсептеп чыгышты. Изилдөө алардын расмий сайтында жарыяланды.

Алардын докландындагы маалыматка ылайык, дүйнө калкынын 1 миллиард 100 миллиону жакырчылыкта жашайт. Алардын ичинен 40 пайызы (455 миллион адам) согуштардан, туруксуздуктан жана тынчтыктын төмөн деңгээлинен жабыркаган өлкөлөрдө жашашат.

"Биз жакырчылыктын деңгээли чыр-чатактар ​​болгон аймактарда бир топ жогору экенин аныктадык. Согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө ар бир үчүнчү адам жакыр жашайт", - дешкен авторлор.

Окумуштуулар кошумчалагандай, 1 миллиард 100 миллион жакыр калктын жарымынан көбү 18 жашка чейинки балдар (584 миллион).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: