Израиль Газа тилкесине абадан сокку урду. Каза болгондор бар
Кечээ, 19-октябрда Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан 70тен ашуун киши набыт болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы жазды.
Телеканалдын маалыматына караганда, Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына абадан сокку урган.
"Израилдин жасаган чабуулунан кеминде 73 киши набыт болду. Көптөгөн адамдар урандылардын астында калууда жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан шаардын батыш бөлүгүндөгү турак жайга бир нече аба соккулары урулган.
WAFA агенттигинин маалыматына ылайык, Израиль армиясынын учкучсуз учагы жергиликтүү оорукананын короосуна баш калкалоого аракет кылган палестиналыктарга ок чыгарган, снаряддардын бири "Тез жардам" унаасына тийген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.