super.kg logo
  Саясат  

Милиция ГУМдагы KFC'ге кирип келип, "бойкот" деп кыйкырган жигиттерди кармады (видео)

 

Бишкекте алдын ала сүйлөшүлгөн адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти одоно бузган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында, азиат улутундагы белгисиз адамдар, коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.






КФСге кирип келип, "Бойкот" деп кыйкыргандар кармалды

КФСге кирип келип, "Бойкот" деп кыйкыргандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: