super.kg logo

Бишкекте бир гектар жер аянтына 1000 көчөт отургузулду

 
Кечээ, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан бир гектар жерге 1000 көчөт отургузулду. Бул туурасында министрликтин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Бишкек токой чарбасынын карамагындагы аянт "Манас" эл аралык аба майданына жакын жайгашкан.
"Бул демилге Кыргызстандын Токой кызматы, Корея мамлекетинин “AfoCO” Азия токой кызматташтыгы уюму жана “T'way Air” авиакомпаниясы тарабынан уюштурулду.
Саамалык президент Садыр Жапаровдун жаратылышты коргоого жана өлкөнүн токой ресурстарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулуп, экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү, көмүртектин көлөмүн азайтуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, бир гектар аянтка жалпы 800 каражыгач, 100 арча, 100 карагай отургузулду.
Белгилей кетсек, “AfoCO” Азиялык Токой Кызматташтык Уюму – токойлорду кыюу жана токойлорду сактоо маселелерин чечүүгө багытталган токой тармагындагы кызматташуунун аймактык механизми. Учурда 14 өлкө ага расмий катталган. Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашууга 2022-жылдын 1-августунда кол коюлган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: