super.kg logo

Дональд Трамп McDonalds'та картошка фри кууруп, кардарларды тейледи (сүрөт)

 

Дональд Трамп АКШнын Пенсильвания штатында McDonalds'та картошка фри жасап, адамдарды тейлеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда ал бир нече порция картошка фри даярдаган. Ошондой эле кардарларга өз эсебинен бир нече буйрутма берген. Ошентип президенттикке талапкер Трамп Макдоналдста бир жарым сааттай кызмат кылган.

Андан кийин чакан пресс-конференция уюштурулуп, Трамп өзүнүн демократ атаандашы, АКШнын вице-президенти Камала Харристи 60 жаш мааракеси менен куттуктады. Ал анын туулган күнүнө бир порция картошка фри бере турганын айткан. Трамп Харристин McDonalds'та студент кезинде толук эмес иштегендиги тууралуу билдирүүсүн калп деп атаган. Анын айтымында, бул тууралуу эч жерде эч кандай маалымат жок болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: