super.kg logo

"3 мүнөт". Жаңы Зеландияда аэропортто узак убакыт коштошууга тыюу салынды

 

Жаңы Зеландиянын аэропортунда узак убакыт коштошууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка караганда, Данедин эл аралык аэропортунун түшүрүү зонасында жаңы белгилер пайда болгон. Анда "жүргүнчүлөр жакындарын кучактап коштошуу үчүн 3 мүнөт гана убакыт берилет" деп жазылган.

Аталган белгилер социалдык тармактарга тарап, айрымдар чектөөнү туура эмес деп баалашкан. Бирок идея жакшы экенин айтып, аны башка аэропортторго киргизүүнү сунуштагандар дагы болгон.

Ал эми көбүрөөк убакыт коштошууну каалагандар үчүн аэропорт унаа токтотуучу жайга барууну сунуштайт, ал жерде коштошууга 15 мүнөт убакыт бериле турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: