super.kg logo

Израиль "Хезболла" менен байланышы бар каржы институтуна сокку урду

 

Израиль армиясы Бейруттун түштүк чет жакасындагы аймактарга массалык сокку урганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ондон ашык аба соккуларынын бир нечеси "Хезболла" менен байланышы бар "Кард аль-Хасан" каржы уюмунун филиалдарына урулган. Кол салуу Бейруттагы эл аралык аэропортко жакын жайгашкан каржы уюмунун филиалына дагы жасалган.

Ливандын улуттук маалымат агенттиги (ANNA) абадан 11 сокку урулганын, алардын көбү "Кард аль-Хасан" каржылык ассоциациясына жасалганын ырастаган. The Times of Israel басылмасы аталган каржы институту "Хезболла" менен "ХАМАСка" колдоо көрсөткөн Ирандан каражат алып келген деп жазган.

"Кард аль-Хасан" ассоциациясы 1983-жылы түзүлгөн жана коммерциялык эмес каржылык мекеме болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: