super.kg logo

Үч күн жарыксыз калган Кубаны эми Оскар бороону каптады

 

Оскар бороону үч күндөн бери электр энергиясыз калган Куба мамлекетинин каптады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, аралдын чыгыш бөлүгүндөгү аймактарында катуу шамал, бороон жүрүп, нөшөрлүү жаан жаап жатат.

АКШнын улуттук ураган борбору аралга саатына 120 чакырым болгон шамал жакындап жатканын билдирген. Кубанын метеорологиялык кызматы ага байланыштуу өлкөнүн чыгышында "өтө кооптуу абал" бар экенин эскертип, сел жүрүү коркунучу боюнча билдирүүлөрдү тараткан.

Маалыматта белгиленгендей, Кубанын энергетика министрлиги кечээ, 20-октябрда жылуулук электр борборундагы авариядан улам өчкөн элетр энергия өлкө боюнча калыбына келгендигин айтып, бирок андан 6 саат өтпөй карадан өчкөндүгүн билдирген.

Айта кетсек, 10 миллиондон ашык адам жашаган өлкөдө ЖЭБдеги авариядан улам биринчи электр жарыгы 18-октябрда өчүрүлгөн.






"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: