super.kg logo

Бишкек шаарынын прокуратурасунын 2 кызматкери пара талап кылууга шектелип камакка алынды

 

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу менен шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, райондук сот кечээ, 20-октябрь күнү эки шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аларды 14-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган. Шаардык прокуратуранын 2 кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен айып тагылып жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 18-октябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасында тинтүү иштерин жүргүзүп, эки адамды кармап кеткенин жазышкан болчу.

Жергиликтүү басылмалар күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, алар ортомчу аркылуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамис Алиевден мурун жетектеп келген "Тазалык" муниципалдык ишканасын текшерүүнү токтотуу үчүн 5 миң доллар талап кылышканын жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: