super.kg logo

Дин иштери боюнча кеңештин биринчи төрагасы Ормонбек Алапаев дүйнөдөн кайтты

 

Кыргызстандын Дин иштери боюнча кеңешинин биринчи төрагасы Ормонбек Алапаев дүйнөдөн кайтты.

Ал 1929-жылы 25-октябрда Талас районундагы Чоң-Алыш айылында туулган.

Ормонбек Алапаев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин облустук комитетинин мүчөлүгүнө үч жолу, облустук Советтин депутаттыгына эки жолу шайланган. Ошондой эле бир нече жолу партиянын райкомдорунун жана шаардык комитеттеринин мүчөлүгүнө, райондук жана шаардык Советтердин депутаты болгон.

1975-1991-жылдары СССР Министрлер Советинин алдындагы Дин иштери боюнча Кеңештин Кыргыз ССР боюнча комиссары, Кеңештин мүчөсү, ал эми 1991-1993-жылдары - Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.

1992-жылдан тарта өлкөгө жасаган өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан.

СССРдин жана Кыргыз ССРинин журналисттер союзунун мүчөсү болчу.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-октябрда саат 11:00дө Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 31Б дарегинде өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: