super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын беш балбаны килемге чыгат

 
Бүгүн, 21-октябрь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер башталды. Килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 килограмм салмак категориясында беттештер өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат.
  • 60 килограммдык салмактагы Акыл Сулайманов грузиялык Абуладзе Придон менен беттешет;
  • 67 килограммдык салмактагы балбан Раззак Бейшекеев Албаниянын күрөшчүсү Даниель Дажаниге чыгат;
  • 72 килограммдык салмактагы Адилхан Нурланбеков Түркиядан барган Мухаммед Гөчмен менен беттешет;
  • 82 килограммдык салмактагы Бекзат Оркул уулу Армениянын балбаны Самвел Григориянга чыгат;
  • Ал эми 97 килограммдык салмактагы Нурмамбет Раймалы уулу болсо Хорватия менен Сербиянын балбандары менен күч сынашат.
Белгилей кетсек, беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 башталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: