super.kg logo

Түркиядагы төңкөрүшкө айыпталып келген Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгондугу айтылды

 

Түрк бийлиги "2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурган" деп айыптаган дин аалымы Фетхуллах Гүлендин өлүмү тууралуу кабарлады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, 83 жаштагы Гүлендин өлүмү тууралуу кабарды анын жээни Эбуссеме Гүлен тастыктаган. Дин аалымы кечээ, 20-октябрда АКШнын Пенсильвания штатындагы ооруканалардын биринде каза болгон.

Белгилей кетсек, 2016-жылы июль айында бир нече топ Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Анда 240 жаран каза болуп, 2200гө жакын жаран ар түрдүү жаракаттарды алган.

Окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, 140 миңдей мамлекеттик кызматкер менен аскер адамдары кызматтан алынган. Түрк бийлиги мамлекетти басып алуу аракетин дин аалымы Фетхуллах Гүлен уюштурган деп айыптап чыккан. Ал мындай айыптоолорду четке кагып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: