Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Өзбекстанды 3:2 эсебинде жеңди
Өзбекстанда өтүп жаткан Борбор Азия волейбол ассоциациясынын чемпиондугунун үчүнчү турунда Кыргызстандын улуттук курамасы Өзбекстан курамасын 3:2 менен утуп алды. Бул тууралуу кечээ, 20-октябрда CAVA уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Малдив жана Түркмөнстандын курамалары катышууда.
"Буга чейин Кыргызстан курамасы Тажикстан (3:0), Малдив (3:0) курамаларын утту. Жалпы 8 упай топтоду. Эми курама 22-октябрда Түркмөнстан менен беттешет", - деп жазылат маалыматта.
Түркмөнстан курамасы да үч беттеште жеңишке жетти.
Волейбол
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















