super.kg logo

Баткенде “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында 12 өнүгүү борбору курулду

 

Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюмунун кызматташтыгы өнүгөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Тимур Мадяров Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюму бирге басып өткөн жолдогу жетишкендиктерге баа берип, кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, Гуд Нейборс уюмунун “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында Баткен облусуна 12 өнүгүү борборлору курулган.

Алардын ар биринде дыйкандар жана аялдар, ошондой эле балдар үчүн окуу жайлары бар.

Төмөнкү иштер аткарылган;

- 2 спорт зал, 1 бала бакча, 1 сугат каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

- 1 жол асфальтталган;

- 37 ашык үйгө газ түтүгүнө кошуу мүмкүнчүлүгү берилди;

- ФАП, спорт аянтчасы жана балдар аянтчасы, суу сактагыч курулду.

Ал эми учурда 1 бала бакча жана логистикалык борбор курулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: