super.kg logo
  Саясат  

"Эркелеп эле жүрөт". Депутат министр Бейшеналиевдин жыйынга катышпаганын сындады

 

Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жыйынга келбей жатканын сынга алды.

Ал Бейшеналиев буга чейинки жыйынга дагы катышпаганын эске салып, калп айтууну токтотуу керектигин айтты. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү начар болуп жатканын белгиледи.

"Буга чейинки комитет жыйынында "министр президент менен кошо Түптө оорукананын ачылышына кетти" деген маалымат беришкен. Чынында ал жакка президент да, министр да барбаптыр. Алдап эмне кыласыңар? Биздин министр эркелеп эле жүрөт. Качан ушул маселени көтөрөсүңөр? Улам эле бизден суранасыңар, биз "макул" деп эле жатабыз. "Реформа кылабыз" дедиңер, анын жыйынтыгы жок болуп жатат. Бири-бириңерден акча талашып эле отурасыңар. Жумуш жок, баягы эле биздин дарыгерлер, бейтаптар ыйлап отурушат. Министрликтин башындагылар бейтаптарга дарыгерлерди жаман көрсөтүп жаткан силерсиңер. Ооруканаларда дары-дармек жок. Өткөн жумада Кара-Балтадагы ооруканада дарылар, физиологиялык аралашма жок экен деп айтышкан. Качан алдыга жылабыз?" - деди Раимбачаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: