Камчыбек Ташиевге Катардын курал-жарактары көрсөтүлдү (видео)
Камчыбек Ташиев Катар мамлекетине болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган мамлекеттин вице-премьер жана коргоо министринин милдетин аткаруучусу Халед бин Мухаммад аль-Атия менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалымдалгандай, Катар бийлиги Камчыбек Ташиевди расмий тосуп алган.
Анын алкагында Халед бин Мухаммад аль-Атия Камчыбек Ташиевге заманбап курал-жарактын үлгүлөрүн көрсөтүп, техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Катар аскердик кызматташуу боюнча макулдашышкан.
21.10.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

