"Күн ачык болот". 22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +12 … +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19,
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +14 …+19.
Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +16…+18 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.