super.kg logo

Кыргыз балбаны Руслан Түмөнбаев АКШда калыска бычак менен тап берди (видео)

 

АКШнын Филадельфия шаарында өткөн мелдеште кыргызстандык белгилүү балган Руслан Түмөнбаев калыска бычак шилтегени туурасында видео интернет желесине тарап, кызуу талкуу жаратууда.

Тасмада анын бел боо күрөшү боюнча өтүп жаткан спорттук иш-чарада калыс менен түртүшө кеткенин, андан соң бычак менен калысты көздөй чуркап, тап бергенин көрүүгө болот.

Бул видео боюнча спортчу жергиликтүү басылмалардын бирине комментарий берип, окуя мындан 4-5 ай мурун болгонун билдирди. Ал мушташка турнирдин катышуучуларынын бири аны жана үй-бүлөсүн кемсинткени себеп болгонун, жаңжалда эч ким жабыркабаганын, чыр-чатактар ​​жөнгө салынганын айткан.

"Жакында мен уюштуруп жаткан спорттук мелдеш болот. Бул видео турнир башталардын алдында таратыла баштады. Менимче, алар муну атайын кылышты", - деген Түмөнбаев.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Түмөнбаев 2019-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен.






21.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: