super.kg logo

Ысык-Көлдө "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкеси аукционго коюлду

 

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкеси аукционго коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкесинин аянты 23 миң 700 чарчы метр.

"Пансионаттын аймагында пляж бар. Аймак боюнча ысык булак түтүгү өтөт жана ага кошулууга болот. Аукциондун баштапкы баасы 548 миллион 583 миң 300 сомду түзүп, аренда мөөнөтү 5 жыл", - деп айтылат маалыматта.

Аукциондун башка шарттары:

- "Алтын Булак" пансионатынын аймагындагы муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузуу;

- муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузууда коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

- шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пансионаттын курулушун жүргүзүү;

- бардык курулган курулуштар жана имараттар ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш;

- Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген тизме боюнча жылына 50 орун өлчөмүндө жеңилдетилген шарттарды берүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: