super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада мигранттардын укуктарын коргоо жаатында аналитикалык баяндама жасады

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырды. Ошондой эле ал аталган өлкөлөрдүн Акыйкатчы институттарынын сунуштарын комиссиянын кароосуна киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Акыйкатчы институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушталган материалдарда ар бири өз өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарынын анализин көрсөтүшкөн жана жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бир катар сунуштарды беришкен.

Бул маалыматтардын негизинде Кыргызстандын Акыйкатчы институту аналитикалык баяндама даярдаган. Жыйынтыгында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясы бардык сунуштарды кабыл алган. Мындан тышкары жыйында Жаманбаева 24-июнда Санкт-Петербургда сунуштаган мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагы менен азыркы аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынган.

"Бүгүнкү күндө мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду", - деген Жаманбаева отурумда.

Орусиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова бириктирилген эки аналитикалык документтер андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: