super.kg logo
  Саясат  

Чикагодо канча кыргызстандык иштеп жатканы айтылды (видео)

 

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев учурда Американын Чикаго шаарында 40 миңден ашык ыргызстандык жашап жатканын айтты.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү кызмат көрсөтүү тарабында эмгектенишет.

"Жаңы барганда эң ылдыйкы жумуштарда иштешет. Көбүнчө кызмат көрсөтүү жагында иштеп башташат, мисалы: жеткирип берүү андан кийин такси, андан кийин трак айдаганга өтүшөт. IT-тармагында эмгектенген мекендештерибиз дагы бар.

Азыр Чикагонун өзүндө 1 миң 200дөн ашык ийгиликтүү иштеп жаткан биздин жарандарга таандык компаниялар бар. Учурда кыргыз жарандарына таандык кафе, ресторандардын саны 30дан ашып калды", - деп билдирди ал.

Ошондой эле Болотбек Борбиев Америкага барган көпчүлүк кыргыз жарандарында тил жана документ иштерине байланыштуу маселелерде кыйынчылык болорун кошумчалады.






Учурда Чикаго шаарында 40 миңден ашык Кыргызстандык жашап жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: