super.kg logo

Вьетнамдын жаңы президенти болуп Лыонг Кыонг шайланды

 

Вьетнамдын улуттук чогулушу өлкөнүн жаңы президентин шайлады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, эми өлкөнү Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин туруктуу мүчөсү, генерал Лыонг Кыонг башкарат.

Добуш берүү 15-чакырылыштагы Улуттук ассамблеянын 8-сессиясынын биринчи күнүндө өттү. Куонгдун кандидатурасын депутаттар бир добуштан колдошту. Ал өлкөнү 2026-жылга чейин жетектей тургандыгы маалыматта белгиленген.

Кошумчалангандай, ушул жылдын май айынан бери өлкөнү башкарып келе жаткан президент То Лам башкаруучу партиянын башкы катчысы болуп шайлангандан кийин жаңы шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган. Ал эми саясий бюронун мурунку башкы катчысы Нгуен Фу Чонг 19-июнда 80 жаш курагында көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: