super.kg logo

Токтогулдан Бишкекке жашыруун курал-жарак алып келе жаткандар кармалды (видео)

 

Бүгүн, 21-октябрда Ички иштер министрлиги ок-дарыларды, курал-жарактарды жашыруун ташууга аракет кылган деген шек менен 2 жаран кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга бир адам Токтогул районунан Бишкек шаарында жашаган бир тууган агасына ок-дарыларды жөнөтүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери 13-октябрь күнү болжол менен саат 00:50 чамасында Бишкек-Кара-Балта жолунан шаарды көздөй 44 жаштагы жарандын башкаруусунда бара жаткан унааны токтотушуп, тинтүүгө алышкан. Автокөлүктөн үй буюмдары менен курулуш материалдарынын арасына жашырылган ар биринде 20 даана огу менен 28 таңгак, тагыраагы, 560 даана ок жана 1 даана граната табылган.

Алынган заттарды изилдөө үчүн эксперттик-криминалисттик кызматына жиберилген. Аталаган кызмат октор Калашников, АКМ, СКС, Сайга, Вепрь үлгүсүндөгү автоматтарынын 7, 62х39 миллиметр калибрдеги ок-дарылары экенин тактаган.

Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 44 жаштагы С.уулу К. жана 48 жаштагы С. уулу Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






21.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: