super.kg logo
  Спорт  

Эртең Бишкекте эки жаңы футбол обьектиси ачылат 

 
Эртең, 22-октябрда Бишкек шаарында эки жаңы футболдук объектисинин ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, биринчиси капиталдык реконструкциядан өткөн КФБнын футбол борбору. Аталган футбол аянтчасы 3,374 гектар аянтты ээлейт жана жаш оюнчулардын спорттук машыгуусу жана өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды камсыз кылган бир нече негизги объектилерди камтыйт.
Ал эми экинчи объект Чүй районунун Орок айылында 3,5022 гектар жер тилкесинде жайгашкан "Мурас Юнайтед" футбол клубунун машыгуу базасы. Базада чоң мейманкана комплекси, футзал боюнча машыгуу аянтчалары, бир толук көлөмдүү гибриддик аянтча жана жабык оюн талаасы бар.
"Бул обьектилердин ачылышы өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу этап болуп саналат жана жаш спортчулардын өсүп-өнүгүүсүнө жана машыгуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чара саат 17:00дө башталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: