super.kg logo

Нурсултан Назарбаев белек кылган орден Улуу Британиянын сайтында сатылууда

 

Коңшу Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчерге ыйгарган «Достык» ордени сатууга коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жарнамада Казакстандын мамлекеттик сыйлыгын 12 миң 500 фунт стерлингге сатып алуу сунушталган, бул дээрлик 1 миллион 392 миң сомго барабар.

"Баалуу таштар салынган төш жылдыз лентасындагы ордендин төш белгиси менен бирге көк кездеме менен капталган. "Достык" деген жазуусу бар ордендин кутусу бир аз эскирген, бирок абалы абдан жакшы", - деп айтылат ордендин сүрөттөмөсүндө.

Маргарет Тэтчерге "Достык" орденин 2001-жылы Нурсултан Назарбаев тапшырган. Казактардын бул ордени жарандар коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу кызматы үчүн сыйланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: