super.kg logo

36 жаштагы спортчу айымга жырткыч балык кол салып каза болду

 

Италиялык серфёр Жулия Манфрини Индонезияда башка спортчулардын көзүнчө каза болду. БУл тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы италиялык спортчу Батыш Суматрадагы Ментавай аралдарынын сууларында машыгуудан өтүп жаткан. Сууда кызга кылыч жырткыч (меч) балыгы кол салып, көкүрөгүн тешип кеткен. Окуя болгон учурда анын эки досу ага жакын жерде болушкан. Алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык борборго алып барышкан, бирок канча аракет кылышса да, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Белгиленгендей, кыз профессионалдык түрдө сёрфинг менен гана чектелбестен, өзүнүн туристтик агенттигин ачууну кыялданчу.

Кылыч балыгы - Тынч, Атлантика жана Индия океандарында кездешүүчү жырткыч балыктардын бир түрү. Бул түрдүн кээ бир өкүлдөрүнүн узундугу 4,5 метрге чейин жетет.

Жулия Манфринининин өлүмү Инди океанында адамдардын балыктардын кол салышынын биринчи учуру эмес. 2015-жылы гавайилик балыкчы Рэнси Лэйнс балык ылдам келип, көкүрөгүн тешип кеткенден кийин каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: